Коом
Бишкекте көмүрдүн сапаты текшерилип, көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени аныкталды

Бишкекке ташылып келинген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча рейддик иш-чара өттү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январда рейддик иш-чара шаардын Ленин жана Биринчи май райондорунда, ошондой эле Чүйдүн Аламүдүн районунда көмүр сатылуучу жайларда өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ министрликтин айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдөөлөр үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды.
“Ал эми Бишкек шаардык башкармалыгынын адиси көмүрдүн радиациялык көрсөткүчүн текшерип, тиешелүү нормадан жана белгиленген көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.



