Спорт

Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште япониянын балбаны Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште украинанын балбаны Иван Залискону 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште америкалык Джордин П. Ранейди 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле 51 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдраимов коло медалга ээ болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button