Спорт

Паралимпиада-2024. Жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңылады

Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пара жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1 500 метр аралыкка чуркоодо 13-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Гүлназ Жүзбаева 1,5 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгып, маарага 6 мүнөт 11,36 секундда келген.

Муну менен жөө күлүк көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты. Спортчуну коштоочусу Юлия Фернас болду.

Жалпысынан жарышка чыккан 15 спортчунун ичинен Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.

Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандан мелдешке 4 спортчу катышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button