Коом
Нарында аялды бычак менен кол салган күйөөсүнөн куткарган милиция кызматкери сыйланды
Нарын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, улук лейтенант Жеңишбек Муканбетов «Каармандык» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Эске салсак, 31-августта Нарындагы базарда жубайлар ортосунда чыр чыккан. Ашканада иштеген аялына күйөөсү бычак менен бир нече жолу кол салган. Ошол маалда Жеңишбек Муканбетов өзүнүн иштери менен базарда жүрүп, чырды көрүп калып, аялды куткарган. Кишинин колун кайрып, ашканадан чыгарып кеткен.
Нарын ИИБинин жетекчиси Сапар Асаналиев бүгүн улук лейтенантка «Каармандык» медалын тапшырды жана кызматтык эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.