Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча командасы «жашыруун» машыгат. Себеби

Футбол боюнча улуттук команда 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алдында Түркияда «жашыруун» машыгууларды өткөрмөкчү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол союзунан кабарлашты.

Мындай чечим союздун жаңы башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон жыйындан кийин кабыл алынган.

«2-марттан 13-мартка чейин Антальяда машыктыруучулар штабы биздин жана чет элдик чемпионаттарга катышкан 26 футболчуну карап чыгат. Оюнчулардын тизмеси ачыкталбайт, анткени Кыргызстандын курама командасына тандоо жабык болот», — деп айтылат маалыматта.

13-19-март күндөрү Стефан Тарковичтин командасынын Вьетнамда пландалган машыгуусу башталат. Команда Түркиядагы тандоонун жыйынтыгы менен түзүлөрү кошумчаланды. Кытайлык Тайбэй менен беттештер 21-март жана 26-мартта өтмөкчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button