Коом

УКМК боксчу Орзубек Назаровду «Салимбайбача» менен байланышы үчүн суракка алды

Кыргызстандык боксчу Орзубек Назаровдун «Салим байбача» каймана аты менен белгилүү «криминалдык авторитет», Өзбекстан Республикасынын жараны С.Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Белгиленгендей, бул КР УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ачыкка чыккан.

«Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан С. Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды.

https://www.youtube.com/shorts/DkmgAVfZY2I?feature=share

Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button