Спорт
Россиянын бокс федерациясы кыргызстандык мушкер Самат Кыргыз Абдырахманов катышкан Hardcore промоушенинин лицензиясын жокко чыгарды

Эми анын бокс жана мушташтарды өткөрүүгө укугу жок.
Буга «бокстун жана профессионалдык мушташтын эрежелерин одоно жана системалуу түрдө бузуулар» себеп болгон. Федерация уюм жободо талап кылынган документтерди бербегени белгиленди.
Буга чейин, июлда да согушкерлердин бирине акаарат келтирген жаңжалдан кийин Hardcore промоушенинин лицензиясы токтотулган болчу.



