Кыргызстан 4,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан коңшу мамлекеттерден болжол менен 4,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, экономиканын жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу республикада электр энергиясына болгон муктаждык арткан.
«Бүгүнкү күндө керектөө 19 миллиард киловатт-саатты түзөт, ал эми биз 14 миллиарддан бир аз ашыгын гана өндүрөбүз. Ушуга байланыштуу болжол менен 4,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан импорттоп жатабыз. Мындан тышкары, декабрь айында Кемин шаарында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясы ишке берилет», — деди Адылбек Касымалиев.
Депутаттардын айрым аймактардын тургундары жайыт жерлеринин энергетикалык объектилерди куруу үчүн берилгенине нааразы болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип, өкмөт башчысы мындай учурларда бардык маселелер жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу чечилерин белгиледи.
«Түшүнүү керек — бул жергиликтүү бюджетке киреше алып келет, демек калк үчүн пайдалуу. Мындай маселелерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Алгач жерди которууга макул болуп, кийин каршы чыкпоо керек», — деди ал.



