Нарында келинин колунан мүрт кеткен карыянын окуясы

Нарындын Ак-Талаа районунда мектепте мугалим болуп иштеген келин кайын атасын өлтүрүүгө шектелип камакка алынган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 1975-жылы төрөлгөн айыпталуучу август айындагы күндөрдүн биринде кайын атасы менен кайым айтыша кетип, ачууланып бастырып жакка алып барып башы менен пескоблокту сүздүргөн. Талаш айылдагы үйдү сатууга карыя каршы болгонунан улам башталган.
Карыя жан бергенден кийин келин кылмышын жашыруу максатында күйөөсү жана иниси үчөө анын моюнуна жип байлап бастырманын түркүгүнө асынган абалга келтирип коюшкан. Анан кошуналарга «атабыз өзүн өзү асып алыптыр» деп кабар беришкен.
Бирок кылмыштын бети ачылып, келинген КР Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү 15-пункту боюнча айып тагылып абакка киргизилген.
Учурда кылмыш иши тергелип жатат.



