Коронавирус. Төрт бейтап каза болуп, 361 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус дагы 361 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 193,
Ош шаарында – 5,
Чүй облусунда – 96,
Ош облусунда – 13,
Талас облусунда – 6,
Ысык-Көл облусунда – 28,
Нарын облусунда – 13,
Жалал-Абад облусунда – 4,
Баткен облусунда – 3.
Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда эки бейтап каза болду. Акыркы сутка ичинде 5 420 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 567 бейтап, амбулатордук түрдө 2 461 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 8 бейтап канааттандырарлык абалда болсо, 432 адамдын абалы оор жана 78 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 575 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 509 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 580 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 803 киши айыгып чыкса, 1 миң 729 адам каза болду.



