Тагаев: 3 жылда 48 жаран Маданият министрлигине жалган маалыматтардан коргоону суранып кайрылган

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети Кодекске ММКларга жана интернетке жалган, бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандарга чара көрүү боюнча беренени киргизүүнү карады.
Депутат Чынберди Төлөновдун берген суроосуна жооп берип жатып, маданият министринин орун басары Марат Тагаев үч жыл ичинде фейк аккаунттарга арызданып 48 жаран кайрылганын айтты.
Депутат учурдагы иштеп жаткан мыйзамдар жыйынтык бербей жатса, жаңы мыйзам кабыл алуунун канчалык зарылчылдыгы бардыгына кызыкты.
«Биз «Жалган маалыматтардан коргоо боюнча» мыйзамы тууралуу сөз кылып жатабыз. Анда процедура такыр башка. Азыр ММКларда жана интернетке жарыяланган жалган жалаа жана кемсинтүүлөр жөнүндө сөз кылып жатабыз. Мында эреже бузуулар боюнча Кодекске өзгөртүү киргизилет», — деди Марат Тагаев.
«Туура, азыр көптөгөн блогерлер жана сайттар контентти бизнес айлантып, жарандарга жалган жалаа жабууну өздөштүрүп алышты. Мындай мыйзам керек, бирок аны ишке ашырууну ойлонуштуруу кажет», — деди Төлөнов.



