Коом

Дыйкандардын миллион сомго чейинки кредиттери кечилет. Шарт-талабы кандай?

2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбалар 424 кооперативге бириктирилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Анын айтымында жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыккан. Ага ылайык, кооперативдерге бириге турган чакан чарбалардын миллион сомго чейинки насыясын мамлекет жоюп берет. Ал үчүн тамчылатып сугарууга өтүү, товарды сатуу, өндүрүү боюнча планы болушу шарт. 

Учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миң 127 га жер бөлүнүп, жалпы 49,42 миллион сом жеңилдетилген кредит берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button