Балдарга кытайдын сапатсыз таттууларын ташыган дүкөндөр эмнеге көзөмөлдөнбөйт?

Ар бир мектептин жанында бир нече майда дүкөндөр соода кылышат. Алардын соодасына эч ким каршы эмес, чакан ишкерчилик мамлекет тарабынан колдоого алынып келатат. Бирок ошол дүкөндөрдүн ичинде сатылган азык-түлүктөргө, айрыкча жаш балдардын кызыгуусун жараткан таттууларга көзөмөл салса болобу? Анткени, азыр мектепке кирип бараткан жана сабактан чыгып келаткан ар бир кенже класстын, ал турмак чоң класстын деле окуучулары дүкөнгө бир кайрылмайын кетишпейт. Алардын эмне сатып алып, эмне жеп жатканын такай көзөмөлдөө ата-энеге мүмкүн эмес. Балким, акча бербеш керек дейсиздер. Бирок акча бербей койгонго болбойт, бала сабак учурунда ачка болушу мүмкүн, ар кандай кырдаалды эске алып жанына азыраак акча салып бергенге ата-энелер аргасыз.
Азыр дарыгерлердин маалыматына караганда, өлкөдө рак оорулары жашарып баратат. Жаш кезинде аты жаман ооруга чалдыккандар көбөйүптүр. Албетте, ар кандай дарт жеген тамак-ашыбыз, карманган жашоо образыбыздан көз каранды болот эмеспи. Жаштардын жашоо образында айып жок, бирок жеген тамак-ашы туура эмес болуп жаткандай. Мектептердин жанындагы дүкөнгө кирсең жалаң кытайдын таттуулары, ар түстөгү, күмөндүү көрүнүштөгү. Газдалган, ал дагы түркүн түстөгү суусундуктар. Алардын курамында шекер ченемсиз, бир гана тишти өлтүрбөй, башка органдарга да зыянын тийгизет. Илгерки муунду алалычы, биз бала кезде кандай азыктарды сүйүп жечүбүз? Ошол эле курут, күн карама даны, кез кезде конфет жеп калсак кадимкидей бактылуу болчубуз. Эми азыр замандын шары менен жегенге азык-түлүктүн түрү толтура, бирок бул пайдага эмес зыянга кетип жатканы өкүндүрөт. Өзүбүздүн жакшынакай азыктарыбыз бар, бадырак, мөмө-жемиш пастилаларын кыргыз ишкерлер өндүрүп чыгышууда. Ушуларды мектеп жанындагы дүкөндөргө коюп, басымды аларга жасап ал эми жалтыраган, түркүн түстөгү күмөндүү таттууларды азайтсак, балдардын табити дагы пайдалуу тарапка бурулат беле.
“Бала – аккан суу, кайда бурсаң ошол жакка агып кете берет” деп коюшат. Бул туура. Кичине чагынан зыяндуу азыктарга жолотпой, жалаң гана пайдалуу азыктар менен баксаң, ошол пайдалуу азыктарга организми үйрөнөт дагы, зыяндууну өзү эле кабыл албай коет. Тилекке каршы, азыр бизде жалаң пайдалуу азыктарга үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Үйдө туура азыктар менен тамактандырсаң деле, көчөдөн дүкөндөрдөн өз алдынча барганда зыяндуу таттууларды алат дагы, бир даамдап көргөндөн соң аны менен кош айтышы кыйын болуп калат. Күнүнө эки-үч даанадан жегенде деле баланын организми канчалык жабыркап жатканын ойлонуп көрсөк. Кыргыз ишкерлерди балдарды пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу жагын колго алып, кытайдын жалтырак бирок зыян таттууларын пайдалуу, ошол эле убакта балага жагымдуу таттууларга алмаштырууну колго алып, ушул боштукту толтурушса деген эле ой.
Жамиля, Бишкек



