Кардиолог: Жүрөк оорулары тукум кууйт

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны көп, ошондуктан өлкө бул оору көбөйгөн дүйнөдөгү он өлкөнүн катарына кирген. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу Азамат Иманалиев Биринчи радиого берген маегинде айтты.
«Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышынын себеби, биринчи аз кыймылдуулук, экинчи зыян тамактар менен тамактануу, үчүнчү тамеки тартуу. Ошондой эле ашыкча салмак кошуу дагы жүрөк-кан тамыр системасына жүк келтирет», — деди.
Ал белгилегендей, бул оору көкүрөк туштун оорушу, басканда демигүү, жүрөктүн бат-баттан согушу менен белги берет. Ошондой эле тукум куучулук жагы бар. «Ошондуктан эгер сиздин жакындарыңыздан жүрөк оорусуна чалдыккандар бар болсо, анда эч жериңиз оорубай, өзүңүздү жакшы сезип жүрсөңүз дагы жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп коюңуз», — деди Иманалиев.



