Санкт-Петербургда 6-кабаттан боюн таштаган кыргызстандыктын окуясы айтылды: ал зордукталган
2-сентябрда Санкт-Петербург шаарында Заставской көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 6-кабатындагы терезеден кыргызстандык 21 жаштагы кыз кулаганы белгилүү болгон эле. Аны үч кыргызстандык жигит автоунаага салып алып кетүүгө аракет жасаганы да айтылган.
Россиянын ИИМинин аймактык башкармасынын маалыматына караганда, ал түнү Москва районунун полициясына аталган көчөдөгү үйдүн 6-кабатынан кызды ыргытышканы тууралуу кабар келип түшкөн. Кызга тез жардам чакыртылган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми полиция кызматкерлери кызды 22 жаштагы кыргызстандык зордуктаганын аныктаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кыз зордуктоочудан кутулуу үчүн терезеден өзү боюн таштаганы белгилүү болгон.
Учурда шектүү кармалып, ага карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси — «Зордуктоо» жана «Сексуалдук мүнөздөгү зомбулук аракети» боюнча кылмыш иши козголду.