Алимжанова МинКабды студенттердин жашоосуна көңүл буруп, жаңы жатаканаларды курууга чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жатаканалары кандай абалда экенин кызыкты. Ал буга байланышкан суроону билим берүү жана илим министрине узатты.
Ал министр мектеп жана бала бакчалардын абалы жөнүндө айтканын, бирок окуу жайлардын жатаканалары тууралуу сөз болбогонун белгиледи. «Мен студенттерге да көңүл бургула дейт элем. Алар кандай абалдагы жатаканаларда жашап атышат?» — деди депутат.
Доктургүл Кендирбаева учурда жатаканаларда оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын, ЖОЖдордун мүмкүнчүлүгүнө жараша материалдык-техникалык базасы жакшыртылаарын билдирди.
«Министрликтин жетекчилери жогорку окуу жайларынын жатаканаларына барып студенттердин жашоо шарты менен таанышып чыккыла. Ал жакта абал кыйын. Бирок студенттер батирлерди ижарага ала алышпайт, кымбат. Батирге чыккандар ижара акысын төлөө үчүн иштешет, окуганга убактылары жок. Сабакта анан укташат. Бул ачуу чындык. Ошондуктан студенттерге жатаканаларда шарт түзүп берүү керек», — деген депутат Министрлер Кабинетин жаңы жатаканаларды курууга чакырды.



