Спорт

Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш утту

Кыргызстандын балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш утту.

Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашты.

Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, катары менен монголиялык, израилдик жана латвиялык спортчуларды жеңип, финалга чыккан.

Алтын байге үчүн Изабеков бейтарап туунун алдында күрөшкөн Александар Румин менен күч сынашып, 0:2 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал күмүш байгенин ээси болду.

Чынарбек Изабеков — балбан кыз Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button