Коом

ИИМ аймактык бөлүктөрүнө жаңы унааларды тапшырды

2024-жылдын 10-октябрь күнү Ички иштер министрлигинде аймактык бөлүктөргө унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

«Нива» үлгүсүндөгү 16 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми 7 унаа ИИМдин ЖКККББга, 2 медициналык тез жардам унаасы ИИМдин Ички аскерлерине жана Медициналык башкармалыгына берилип, жалпы 25 унаа тапшырылды.

ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган унаалар бөлүнүп берилди.

Жаңы кызматтык унаалар бузууларга, жарандардын чакырууларына ыкчам аракеттерди көрүү үчүн арналган. Ички иштер органдарынын техникалык камсыздалуусунан көп учурда иштин жыйынтыгы дагы көз каранды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоону камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн материалдык -техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жаңы кызматтык унаалар алыскы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арналгандыктан, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button