Коом

Сымаптын ири партиясын сатууга аракет кылгандар кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери республиканын түштүгүндө белгисиз жаран сымаптын ири өлчөмүн сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышты.
Топтолгон материалдардын негизинде Ош ОИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси менен (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ноокат районунун аймагында «Daewoo Tico» маркасындагы автомашина кармалып, анда шектүү адамдар болгон.
Унааны Ноокат районунун тургуну, 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жаран башкарып жүргөн.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен салмагы 6 кг 200 грамм сымап салынган желим идиш табылган.
Ошондой эле сымаптын ээси болгон унаанын жүргүнчүсү Ноокат районунун 1983-жылы туулган тургуну К.У. аттуу жаран дагы кармалды.

Шектүүлөр кармалып, Ноокат РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button