Коом
Эмдиги жылы ЕАЭБде косметика жана дары-дармек рыноктору текшерилет

Эмдиги жылы ЕАЭБде косметика, фармацевтика рыногу менен маркетплейстерде монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун аныктоо боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана моноплияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди.
Ал X Евразиялык антимонополиялык форумда сүйлөп, ЕАЭБде ак ниет атаандаштыкты калыптандырган стратегиялык милдеттерди белгиледи.
«2025-жылга чейин изилдөөнү мерчемдеген 17 товардык рынокту жана тармактык талдоо жүргүзүү үчүн биримдиктин экономикасынын үч багытын аныктадык. Косметика, фармацевтика рыноктору жана санариптик соода аянтчалары калк үчүн талуу чөйрө болуп саналат», — деди ЕЭК министри.



