Стамбулдагы чыр: кыргыз жараны бычакталып көз жумду, шектүү кармалды

Түркиянын Стамбул шаарында чыр-чатактын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 5-ноябрында Стамбулдун Аксарай районунда болгон. Анда Кыргызстандын эки жаранынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 35 жаштагы А.Н. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы В.С. кармалган. Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин Башкы консулдуктун кызматкерлери жагдайды жеринде тактоо үчүн тиешелүү полиция бөлүмүнө барышкан. Дипломатиялык өкүлчүлүк Түркиянын укук коргоо органдары жана жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта болуп, Стамбулга келген маркумдун тууганына керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.
Башкы консулдуктун көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Аталган маселе мекеменин жеке көзөмөлүндө турат.



