Коом
Көчмөндөр оюндарына байланыштуу Ысык-Көлдө экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көл облусунда экологиялык жана техникалык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул үчүн министрдин буйругу менен регионалдык ыкчам жумушчу топ түзүлдү.
«Топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөп, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган көйгөйлөр боюнча ыкчам чара көрүү иштерин жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, зарыл учурда жумушчу топ тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар менен биргеликте иш алып барат.



