
«Алтын топ» «Манчестер Сити» командасынын испаниялык жарым коргоочусу Родриге Каскантеге ыйгарылды.
France Football журналынын бул сыйлыгы ар жылы мурдагы сезондун мыкты оюнчусуна ыйгарылат.
Родри «Манчестер Сити» менен Англиянын премьер-лигасында чемпион титулун алып, Испания курама командасы менен Европа чемпионатын жеңген.
Буга чейин «Алтын топ» бразилиялык футболчу Винисиуска ыйгарылат деп божомолдонуп жаткан.
Ал «Реал Мадрид» менен Испаниянын чемпионатында жана Чемпиондор лигасында жеңүүчү болгон. ЖМКлар аталган клуб сыйлык башкага ыйгарыла турганын угуп, сыйлоо аземине толук курамы менен келбей койгонун жазып чыгышты.