Коом

Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты — 0,44 га, ал эми имараттын аянты — 1314,14 чарчы метрди түзөт.

Имаратта оюн, буфет, ашкана, таркатма бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинеттер, башчынын кабинети, музыкалык, гимнастикалык зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Учурда темир-бетон каркастарын куруу иштери аяктап, кирпич коюу жана чатырды жабуу иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button