Коом

Аксы районунунда мал уурулук менен алектенген эки жаран кармалды

2024-жылдын 26-октябрь күнү Аксы РИИБне жети жаран арыз менен кайрылгын. Анда алардын жалпы 10 баш малы белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдалып кеткендигин айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат Аксы РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

2024-жылдын 14-15-ноябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан уурулук иш-чарасынын негизинде, Аксы жана Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары Аксы районунун эки тургуну Токтогул районунан кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 2024-жылдын 12-ноябрь күнү Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш ишине шектүүлөр Аксы районунун тургундары 1984-жылы туулган С.Ж. жана 1994-жылы туулган А.уулу К. экендиги аныкталып, алар 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил автоунаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке алып барып сатышкандыгы аныкталып, жасаган иштерин толугу менен мойнуна алышкан.

2024-жылдын 14-ноябрь күнү, Аксы райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button