Коом

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

▪️Октябрь районунда 12-кичирайондо, Аалы Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган

▪️Свердлов районунун аймагында Фере көчөсү, 34а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 40 адамга ылайыкталган

▪️Биринчи май районунун аймагында «Коломто»  муниципалдык мекемеси иштеп жатат, ал  туруктуу жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган (дареги: Жибек Жолу проспекти, 413). Бул жерде күн сайын 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдарга бир жолку тамак-аш берилет жана түнөп кетүүгө болот

Мэрия жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалуу керектигин эскертти. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button