Коом

Ош шаарында «Укук тартип» эки айлыгынын алкагында өздүк курамга инструктаж өткөрүлдү

Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Бура милиция бөлүмүнүн базасында, өткөрүлүп жаткан «Укук тартип» эки айлыгынын алкагында өздүк курам менен инструктаж өткөрүлдү. Иш-чарага шаардык милициянын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев катышып, учурдагы милдеттер боюнча маанилүү көрсөтмөлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү берди.

Инструктаждын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандар менен тыгыз байланышын күчөтүү боюнча маселелери каралды. Кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Акылбек Бекишев кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин бекемдөө жана шаардагы жалпы коопсуздукту жогорулатуу максатын көздөгөн «Укук тартип» эки айлыгынын учурунда милиция кызматкерлеринин ырааттуу жана жоопкерчиликтүү ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ош шаары боюнча 67 атайын багыттар иштелип чыккан, анын ичинде 25 күндүзгү жана 47 түнкү багыттар болуп эсептелинет.  Аталган багыттарда шаардык милициянын өздүк курамынан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун, ички аскерлердин жана күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын кошумча күчтөрү да кызмат өтөдө. Жалпысынан 250гө жакын милиция кызматкерлери укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча талыкпаган кызматтарды турмушка ашырып келишүүдө.

Мындай инструктаждар Ош шаардык милициясынын алдында турган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу үчүн улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button