Окуялар

УКМК: Бажы кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери кармалды

 Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 4-декабрында Бажы кызматынын (Кара-Суу районунун, Ош облусунун аймагында) «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Аталган кылмыш иши боюнча «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору А.Д.М .жана А.А.Ш., «БИМИ Ош сервис» БКЖнын 2 улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., «Ош» бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана «Мега логистик» БКЖнын башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button