Коом
Кара-Суу районунда кош бойлуу аялына бычак урган күйөөсү кармалды
Окуя түндө саат 23:30 чамасында болгон. Милиция барганда 40 жаштагы Л.И. өз үйүндө пикир келишпестиктен улам 33 жашагы С.И. аттуу жубайына бычак сайып жибергени аныкталган.
Жабырлануучуну туугандары Ош облустук төрөт үйүнө жеткизишкен.
Кош бойлуу аялды өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектелген күйөөсү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



