Коом
Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү болду

Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү болду. Өлкөбүздүн талапкерлигин 194 өлкөнүн ичинен 153ү колдоду.
ЮНЕСКОнун 43-сессиясы Париждин сыртында биринчи жолу Самаркандда өттү.
ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңеши — ЮНЕСКОнун башкы башкаруу органы, ал Башкы конференциянын ишин даярдоо, анын чечимдерин ишке ашыруу жана программалык артыкчылыктарды иштеп чыгуу үчүн жооптуу. Кеңеш төрт жылга шайланган 58 мүчөдөн турат.



