Коом

“Тез жардам” унаасына жол бербей, дарыгерге кол салган айдоочу кечирим сурады – ВИДЕО

2024-жылдын 3-декабрында Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу “тез жардам” унаасын өткөрбөй, тез жардам кызматкерлери менен уруша кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарда  дароо эле пайда болгон. Видеодо айдоочунун фельдшерге муштумун ыргытып, сөгүнүп жатканын көрүүгө болот.

 Бул окуядан кийин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү  Талас облусунун тургуну — 1981-жылы туулган О.у.Ж.га карата сот чечим чыгарганын билдирди. Ал  «майда бейбаштык» фактысы менен СИЗОдо кармалып,  төрт суткага камакка алынып, ошондой эле коомдук жайда тамеки тартканы үчүн  дагы кошумча 3 миң сом айып салынган.

 Айрым маалыматтар боюнча, О.у.Ж. 2017-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Мындан тышкары, кармалган адам алкоголдук ичимдиктерди ичпесин, бирок баңги затын колдоноорун айтып, алардын таасири астында экенин мойнуна алды.

 Бирок, коомчулуктун терс  пикирин эске алып, кармалган адам элден, ошондой эле тез жардам кызматкерлеринен жана патрулдук милициянын борбор калаа башкармалыгынын инспекторлорунан бул окуя үчүн кечирим сураган видеокайрылуу жасады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button