Соттук-эксперттик кызмат дебюрократизациянын алкагында транспорттук экспертизаларды жүргүзүү жол-жобосун оптималдаштырды

Дебюрократизациялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат Түндүк-Чыгыш бажысынын «Кант» МТО (Бажылык тариздөө жери) аймагында транспорттук-криминалистикалык экспертизаларды жүргүзүү боюнча туруктуу пунктун ачты.


Бул чечим Кыргыз Республикасына Кытайдан, Европа өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден келген жүк ташуучу, жеңил, электр жана атайын техникалардын агымынын өсүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Бажылык тариздөө жол-жоболору дал ушул «Кант» МТОдо жүргүзүлөт.

КР ЮМга караштуу СЭК төрагасы Т. Кожонов белгилегендей, мурда эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн арыздар топтолгонуна жараша эксперттердин Бишкектен баруусу талап кылынчу. Бул күтүү мөөнөтүн узартып, жарандар жана бизнес үчүн кошумча чыгымдарды жаратып, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларында транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна алып келген. Бүгүнкү күндө эксперт түздөн-түз жеринде болуп, транспорт каражатын кароодон кийин дароо корутунду даярдап жатат, бул кызмат көрсөтүү мөөнөтүн кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди.

Практика көрсөткөндөй, экспертизага келген транспорт каражаттарынын көпчүлүгүндө документтерде дал келбестиктер кездешет. Кээ бир учурларда, идентификациялык номерлердин өзгөртүлгөндүгү же чыгарылган жылынын так эместиги аныкталат. Эксперттердин корутундулары бажы төлөмдөрүн туура эсептөөнү камсыз кылат жана мамлекеттик бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү азайтуу аракеттерин алдын алат.

«Мындан тышкары, процедураны оптималдаштыруу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт. Эксперттер бажы процедуралары өткөрүлүүчү жерде дайыма болгондуктан, бардык чечимдер эксперттик изилдөөнүн жыйынтыгына гана негизделип, белгиленген тартипте таризделет», — деп баса белгиледи Т. Кожонов.



