Окуялар

Кичинекей кызды жер төлөгө алып барган киши кармалды

Бишкекте эркек киши кичинекей кызды жер төлөгө алып барган окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

  • Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 10-июнда саат 20:00 чамасында 2019-жылы туулган кызы менен Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйдүн жер төлөсүндө отурган жаранга чара көрүүнү суранган.  Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Шектүү катары 1972-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда кармалган жаран уурулукка тиешеси бар деп шектелгени да аныкталган. Бул маалымат бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында алынган.

Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп, окуянын бардык жагдайларын аныкталып жатат. 

Тектеш кабарлар

Back to top button