Коом
Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалды

Аскат Эгембердиев Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна 18-декабрда Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындады.
Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.
2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген.



