Коом
Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

▪️Октябрь районунда 12-кичирайондо, Аалы Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган
▪️Свердлов районунун аймагында Фере көчөсү, 34а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 40 адамга ылайыкталган
▪️Биринчи май районунун аймагында «Коломто» муниципалдык мекемеси иштеп жатат, ал туруктуу жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган (дареги: Жибек Жолу проспекти, 413). Бул жерде күн сайын 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдарга бир жолку тамак-аш берилет жана түнөп кетүүгө болот
Мэрия жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалуу керектигин эскертти.
@abal-kg



