Коом

Буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча Кыргызстандын чемпиондору белгилүү болду

Өлкө боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча чемпиондордун ысымдары белгилүү болду. Алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Анисимов Алексей жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Окенов Таалай. Алексей мырза 2024-жылы эгилген буудайдан 1 гектардан 86,0 центнер түшүм алган. Таалай мырза болсо 2019-жылы отургузулган чычырканактан 1 гектардан 70,0 центнер түшүм жыйнап, 1 млн 400 миң сом киреше тапкан.

Сиз дагы ушундай жыйынтыктарга жетип, киреше тапкыңыз келеби? Анда өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылыкта чоң жетишкендиктерге жетишкен адистер жана фермерлер “Агродиалог — 2025” иш чарасынын алкагында 2025-жылдын 28-29-30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар буудай жана чычырканак өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button