УКМК: Социалдык тармактарда улуттар аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады.
Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.
Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу» боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми билдирүүнүн автору Т.А.Д. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.
КР УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган жалган жана провокациялык маалыматтарды тараткандыгы жана жарыялагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.





