Автобуска жол кирени накталай төлөмдү 40 сом кылуу сунушталды. Долбоор коомдук талкууга чыкты

Бишкек шаардык кеңештин жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев накталай эмес төлөм 20 сом болгондуктан, жүргүнчүлөр карта менен төлөөгө өтпөй жатканын белгилеген.
«Накталай эмес төлөм 17 сом, накталай 20 сом болгондуктан, жүргүнчүлөр 3 сомго карабай жол кирени акча менен эле төлөп жатышат. Накталай төлөмдү 40 сомго чейин көбөйтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга койдук. Жөнгө салуу таасирин талдоо аяктагандан кийин биз долбоорду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз», — деген ал.
Буга чейин мэрия жүргүнчүлөрдү карта менен төлөөгө өткөрүү максатында накталай төлөмдүн баасын 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган. Накталай эмес төлөмдө (карта менен) жол кире мурдагыдай эле 17 сом бойдон калат.



