Коом
Министрлер кабинети Лениндин эстелиги алынбай турганын айтты

Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Лениндин айкели “Ала-Тоо” аянтына мыйзам менен 2000-жылы орнотулган. Кийин ал башка жакка которулду. Баса, Лениндин эстеликтерин демонтаждоого каршы биринчилерден болуп Турдакун Усубалиев чыккан. Биз тарых менен тирешкен жокпуз. Биз тарыхка таянып, жакшылыкты эске алуу менен жаңы өлкөнү куруп жатабыз. Бул маселени демилгелөө министрлер кабинетинин планына кирбейт”, — деди Байсалов.