Коом

Бишкекте карды тазалоого канча техника чыкканы айтылды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Саат 13:00гө карата линияда 44 атайын техника иштеп, 55 тонна техникалык туз колдонулган. Анын ичинен 5 даана МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана «Беларус» үлгүсүндөгү трактор, 4 даана УКМ-2500 үлгүсүндөгү универсалдуу муниципалдык унаа жана 4 даана «Бопкат» үлгүсүндөгү унаа щеткалар иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button