Коом

Ошто 47 жаранга жөлөк пул мыйзамсыз берилгени аныкталды

Ош облусунда 2023-жылдын июнь айынан баштап, 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөк пул мыйзамсыз берилип келгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган. Натыйжада, жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 миллион 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана  346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button