Саясат

Төрага «75тин каты» алардын аракеттери тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү аракеттеринин версиясын парламент жыйынында айтып берди.

Анын айтымында, «75тин каты» боюнча кырдаалга байланыштуу мурда парламент соттук процесске кийлигишпей турганы айтылган.

«Бирок өлкөдө ушул жылдын жазында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү аракеттери болгон деген версияны белгилеп кетким келет. Бул маалымат коомдо активдүү талкууланып, айрым эксперттер да мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айта башташкан. Биз бүгүн шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алгандай эле, ошол учурда да ушундай мыйзам долбоорун үч окууда тез арада өткөрүүгө аракет болушу мүмкүн эле. Андан кийин эмне болмок?
“75тин катынын” катышуучулары бул мыйзамды колдой башташмак, “жогору жак баарын билет” деген сөздөр чыгып, депутаттар да аны колдошмок. Албетте, өлкө башчысынан вето келмек. Андан кийин “мен Турцияда болгом, эч нерсе билген эмесмин” дегендер мыйзам өттү, бирок вето коюңуз деп айта башташмак. Бирок вето коюлгандан кийин да кайра кароо иштери жүрүп, парламенттеги депутаттардын үчтөн эки добушу менен мыйзам кайра кабыл алынып, президент мыйзамга кол коюуга мажбур болмок. Ошентип мамлекетте бөлүнүү жана хаос жаралышы мүмкүн эле», — деп эсептейт Марлен Маматалиев.

Ал парламентте мындай маселелерди ачык айтып талкуулоо керектигин кошумчалады.
«Кээде элге түшүнүктүү болуш үчүн крокодил, төө куш сыяктуу мисалдарды келтирип сүйлөйбүз. Ар дайым принциптүү болуу баарына бирдей жакпашы мүмкүн, бирок баарына ыңгайлуу болуу да кыйын», — деди ал.

Эске салсак, «75тин каты» деп аталган кайрылууга байланыштуу иште айрым саясатчылар менен коомдук ишмерлер бийликти күч менен алмаштырууга чакырык бар деген шек менен тергелип жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button