Коом

Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө

Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гидрометеорология кызматы тарабынан көлдүн суусунун сапатына фондук мониторинг жүргүзүлдү. Экспедициялык иштер 8-13-июнь күндөрү туристтик сезондун активдүү мезгили башталганга чейин уюштурулду.

Суу үлгүлөрүн алуу Суучулдар кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө көлдүн борбордук бөлүгүндө иштерди жүргүзүү үчүн “Мөлтүр” илимий-изилдөө кемеси жана анын экипажы, ошондой эле жээкке жакын бөлүктөрдө иштерди жүргүзүү үчүн моторлуу кайыктар пайдаланылды.

“Мониторинг көлдүн бүткүл акваториясын камтып, 17 көзөмөл пунктунда жүргүзүлдү. Экспедициянын жүрүшүндө 35 суу үлгүсү алынды. Туруксуз компоненттер боюнча анализдердин бир бөлүгү түздөн-түз талаа шартында, кеме бортуна жана көчмө гидрохимиялык лабораторияда жүргүзүлдү. Калган үлгүлөр Кыргызгидрометтин Бишкек шаарындагы лабораториясына жеткирилип, учурда суунун сапатыны боюнча изилдөөлөр улантылууда”, — деп белгилешти ӨКМден.

Тектеш кабарлар

Back to top button