Коом

Бишкек — Балыкчы поезди 26-июндан тарта күн сайын каттайт

2026-жылдын 26-июнунан тартып Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргөн поезд күн сайын каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы эскертти.

Маалыматка ылайык, №608/609 жүргүнчү поезди «Бишкек-2» станциясынан саат 08:06да жөнөп, Балыкчы шаарына саат 12:12де жетет. Андан соң курам «Балыкчы пляж» аялдамасына чейин барып, ал жерге саат 12:37де келет.

Кайра Бишкекке поезд саат 18:40та жөнөп, «Бишкек-2» станциясына саат 23:11де келип жетет. Жолдо Кант, Ивановка, Токмок жана Кемин станцияларында токтойт.

Жайкы эс алуу мезгилинин кызуу учуруна байланыштуу поезд 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттайт.
Поезддин курамында стандарттык вагондордон тартып VIP вагондорго чейин жалпысынан 16га чейин вагон каралган. Билеттин баасы вагондун категориясына жана төлөм ыкмасына жараша өзгөрөт.

Накталай эмес төлөм жүргүзгөн жүргүнчүлөр үчүн жол кире арзаныраак болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button