Коом

Бишкек мэриясы китепкана жана музей кызматкерлери канча айлык аларын айтты

Китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлеринин орточо айлыгы 15 миң сомго жакын. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаанын китепканаларында 217 адам иштейт. Музейлерде 32 кызматкер, маданият үйлөрүндө 308 адам иштейт.

«Китепкана кызматкерлеринин орточо эмгек акысы кошумча акысыз 15 448 сомду түзөт. Борбордук китепканада — 15 миң 300 сом кошумча төлөмсүз. Облустагы музейлерде 20 миң, маданият үйлөрүндө 17 миң сом. Кызматкерлердин кошумча төлөмү 5 миң сомду түзөт», — деп билдиришти башкармалыктан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button