31-январга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −5…-10, күндүз 0…+5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7…-12, күндүз 0…+5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1…-6, күндүз −4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4…-9, күндүз −3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн −14…-19, күндуз −5…-10.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −5…-7°, күндүз −2…-4° болот.