КоомСаясат

Эдил Байсалов качкын президент Курманбек Бакиевдин чуу жараткан маеги боюнча депутаттардын айткандарына жооп берди

Кечээ ЖК депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов бийликтен «Курманбек Бакиевди реабилитациялоо маселеси боюнча түшүндүрмө берүүнү» талап кылышкан

Байсаловдун соцтармакта айткандары: 

1️⃣ Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимди керек деп эсептесе, ошону менен интервью алууга укуктуу. Анын үстүнө аны көргөндөрдүн санына караганда, маселеге кызыгуу күч экен

2️⃣Бакиевдин жаран катары сотто болобу, коом алдында болобу, өз кызыкчылыгын коргоо укугу бар

3️⃣Азыркы жетекчиликтин позициясы – элибизди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетишүү. Бардык экс-президенттер, кандай гана болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Депутаттар бул саясатты колдоп, чыр-чатакты күчөтүүнүн жолдорун издебесе жакшы болмок

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button