Коом

Бишкекте дагы 7 көчө оңдолору айтылды. ТИЗМЕ

Борбор калаада дагы жети көчө оңдоло турган болду.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Оңдоло турган көчөлөр:

Лев Толстой көчөсүнүн Бакаев көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү;

Ауэзов көчөсүнүн Салиевадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;

Абдумомуновдун Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү;

Кара-Дарыя (чыгыш тарабы) көчөсүнүн Медеровдон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Дэн Сяопиндин Фучиктен Алыкуловго чейинки бөлүгү;

Фучиктин Москва көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү;

Калининдин Салиевадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү.

Президент жумушчуларды (подрядчы, жеткирүүчү) табууну буйруду. Реконструкция качан башталып, качан соңуна чыгары азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар

Back to top button