Коом

Балдар күнүндө жаңырган адепсиз ыр үчүн аткаминерлер жазаланды

Бишкек мэриясы Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы кемчиликтер үчүн чара көрүлгөнүн билдирди.

Маалымдалгандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мэрдин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулду.

Ошондой эле иш-чарада ди-джей болуп чыккан Дельфи оюндарынын катышуучусу мурда алган сыйлыктарынан ажыратылып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды. Музыкалык топтомду даярдоого жооптуу болгон педагогду да кызматтан алуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта майрамдык иш-чара учурундагы видеолор тараган. Интернет-колдонуучулар анда адепсиз сөздөр камтылган ыр жаңырып жатканын сынга алышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button