Талант Аттокуров Бишкектин Октябрь РИИБдин башчысы болуп дайындалды

Милициянын полковниги Талант Аттокуров Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Маалыматты укук коргоо органдары тастыкташты.
Маалым болгондой, Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков кол койгон буйрукка ылайык, Талант Аттокуров Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Чүй облусунун Сокулук РИИБдин башчысы, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалап келген.
Кадрдык өзгөрүүлөр милиция жаңжалынан кийин болгон. Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 12 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске сала кетсек, жакында эле Мамлекеттик милиция башкармалыгынын жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын кызматкерлерин опузалоо, кыйноо жана зордуктоо фактылары менен кармалып жатканы тууралуу маалымат тараган.